Ирландиянын жашоочусу аз жерден 500 миң евро утушка ээ болгон лотерея билетин таштандыга ыргытып жибере жаздады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жызып чыкты.
Маалыматта жазылгандай, ал кызы менен бирге EuroMillions лотерея оюнуна катышууну туура көрүп, алган билетин капчыгына салган боюнча унутуп калган. Кийинчерээк кокустан эң жогорку утушту британиялыкка буюрганын билип калат. Капа болгон ирландиялык билетин таштандыга ыргытып салууну ойлоп, бирок бир жолу текшерип көрүүнү чечет. Көрсө, ал дагы лотереянын башкы сыйлыгына татыган бактылуу адам болуп чыгат.
"Мен дароо жубайыма телефон чалдым, ал жумушунан эрте чыгып, бирге кайрадан утушка ээ болгон комбинацияны текшердик. Бардык номерлер дал келди", - деген ал. Азыркы учурда үй-бүлө бул акчаны эмнеге жумшарын чече элек деп жазылат маалыматта.