Нур-Султан шаарынын жашоочусу Юрий Толочко резина куурчакка үйлөнгөнү жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 34 жаштагы Толочко өзүнүн резина сүйүктүүсүн кадимки айымдардан эч нерсеси кем эмес экендигин айтат. Актёрдук чеберчилик жана режиссура боюнча сабак берген жаран Марго аттуу куурчак менен 6 айдан бери сүйүү мамилесинде.
Юрий Толочко Марго менен биргеликте эс алуучу жайларга, кино жана ресторандарга көп барат. Анын айтымында, куурчактар аны бала кезинен бери кызыктырат. Ал өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына Маргого үйлөнүү тууралуу сунушун айтып жаткан видеосун жүктөгөн.