Квентин Тарантинонун "Бир жолу Голливудда" тасмасын Кытайда көрсөтүүгө тыюу салынды

Кытайдын кинотеатрларында Квентин Тарантинонун "Бир жолу Голливудда" тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул маалыматты чет элдик басылмалар таратты.

Буга Брюс Линин кызы Шеннон Эмери Линин Кытайдын мамлекеттик кино башкармалыгына арыздангандыгы себеп болгон. Ал Квентин Тарантино тасмада атасынын образын текебер, бой көтөргөн адам кылып көрсөтүп койгонуна нааразы болгон. Мындан улам ал Брюс Ли бар жерлерин өзгөртүүнү талап кылган.

Соңку маалыматтарга караганда, Квентин Тарантино атайын Кытай үчүн тасмасына өзгөртүү киргизүүдөн баш тартты.

"Бир жолу Голливудда" фильми 1969-жылы Голливуддагы окуяларды баяндайт. Фильмдин бет ачары алгачкы ирет 2019-жылдын 21-майында Францияда болуп өткөн. Тасмага 96 миллион доллар сарпталып, бүгүнкү күнгө карата чогулган киреше 344 миллион долларды түзгөн. Кытайда прокаттан 50 миллион доллар табары күтүлүп жаткан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ysakov_Nur
2019-10-19 22:52:08
Кытай мамлекети ар бир жаранын укугун коргогонго аракет кылат,
0
nur_zhoni
2019-10-20 01:39:20
Болбогон эле кино мен коргом мааниси деле жок
+1
rususu
2019-10-20 07:49:26
Линин кызы кайра суйунбойбу,атасынын элесин чагылдырганына
-5
urmat94
2019-10-20 11:29:29
rususu, тушунуп окусан атам жонокой адам болчу кинодо бой которгон адамдай болуп калыптыр деп атат ал кинону коргондор Брюс Лини ушундай болгон экенда деп ойлоп калышат деп атат,атасын жаман ойлобосун деп атат, башты иштет кичине кантип бир суйломду тушунуп окуй албайсын дейм да
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан