Украинанын биринчи айымы Елена Зеленскаянын Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине кийип барган көйнөгү интернет колдонуучуларынын талкуусуна жем таштады. Бул тууралуу украиналык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-октябрда Токиодо Япониянын 126-императору Нарухитонун расмий түрдө такка отуруу аземине Украинанын президенти Володимир Зеленский аялы менен катышкан. Анда Украинанын биринчи айымы сары түстөгү узун көйнөк жана ошондой эле түстөгү кол кап кийип барган. Интернет колдонуучулары биринчи айымдын мындай түстөгү көйнөк кийгендигин императорго жана Япониянын каада-салттарына болгон урмат-сыйдын жоктугу деп баалашты. Алардын айтымында, сары түс императордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн түсү.
Императордун үй-бүлөсүнүн туусу 16 желекчелүү сары хризантема. Японияга болгон расмий иш сапар учурунда башка мамлекеттин өкүлдөрү сары түстүү кийим кийишпейт, себеби бул императорго болгон сый-урматтын жоктугу деп бааланат.