АКШлык жаран кызынын дарылануусуна элден 22 миң доллар чогултуп, анын өлүмүнө айыпталууда. Иликтөө иштери эненин экинчи кызынын оорусу тууралуу билдирүү таратканда башталган. Колорадо штатынын 41 жаштагы тургуну Келли Рене Тернер өзүнүн 7 жаштагы Оливия аттуу кызынын дарылануусуна акча чогултуп, эми анын өлүмүнө жана ага тирүү кезинде катаал мамиле жасаганы үчүн айыпталууда. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жызып чыкты.
Маалыматта жазылгандай, айыпталуучу "Medicaid" мамлекеттик программасынын негизинде 538 миң доллар акчаны алдамчылык менен алган деп дагы күнөөлөнүүдө. Оливия 2017-жылдын август айында каза болгон. Ал апасынын айтуусу боюнча, көп түрдүү оорулардын кесепетинен улам көз жумган. Мындан улам өспүрүмгө так анализ коюлган эмес. Алгач кыз ичеги ооруларынан улам көз жумган делинген.
Оливия 2013-жылы дарыланууну баштаган жана ал апасы менен бирге Техастан Колорадого көчүп келишкен. 2015-жылы кыздын оорусу тууралуу "GoFundMe" сайтына жарыяланган жана ал кызы аутизм жана башка түрдүү оорулар менен жабыркап бул айыккыс дарт экенин кошумчалап, жардам сурап кайрылган. Ошентип 22 миң доллар акча чогулткан. Оливия тууралуу ЖМКлар да көп жолу жазып чыгышкан. Ал эми "Make-A-Wish Foundation" кайрымдуулук фонду Оливиянын кыялын орундатуу үчүн кече уюштурууга 11 миң доллар жумшаган.
2017-жылдын июль айында Оливия Колорадодо балдар клиникасында дарыланган. Ал жактагы дарыгерлердин бири Тернер бардык медициналык кызматтардан жана кыздын оорусуна жараша тамактануу ыкмасынан баш тартканын айтып чыккан. Ошондой эле ал кызын үйүнө алып кетип, үй шартында дарылоого аракет кылган. Бир канча жума өткөн соң кыз кайтыш болгон. Бир канча дарыгерлердин айтымына караганда, Оливиянын эч кандай айыккыс оорусу болгон эмес. 2018-жылы өспүрүмдүн сөөгү казылып алынган. Изилдөөнүн жыйынтыгында оорулардын эч кандай далилдери табылган эмес.
Оливиянын өлүмүн иликтөө иштери 2018-жылы Тернер өзүнүн 11 жаштагы улуу кызын ооруканага алып келгенден кийин башталган. Эне дарыгерлерге "кызымдын сөөгү сыздап ооруйт жана залалдуу шишик дарты бар" деген, бирок диагнозу таза чыккан.
2018-жылдагы Тернер өз көрсөтмөсүндө кыздары тууралуу жалган маалымат таратканын моюнуна алган эмес. Тергөөдө ал улуу кызынын дарты тууралуу ойлоп чыгарганын, бирок Оливияда андай болгон эмес деген. Бирок айыптоонун жыйынтыгында Оливия апасы айткан көптөгөн оорулардын айынан эмес, апасынын аракеттеринен улам каза болгондугу жазылган.