Аляскада глобалдык жылуулуктун айынан айылдарды суу каптап, жашоочулар көчүп кетүүгө мажбур болууда

Аляскада глобалдык жылуулуктун айынан айылдарды суу каптап, жашоочулар көчүп кетүүгө мажбур болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анда Ньюток айылынын тургундары глобалдык жылуулуктун алгачкы курмандыктары болду деп айтылган.

"Алясканын Ньюток айылында 380 адам жашайт. Алардын теңинен көбү эскимостор. Айыл жайгашкан аймакты суу каптап, үйлөр анын астында кала баштады. Кээ бир турак жайлар алдын ала бузулду. Ал эми жашоочулар бул жакта жашоо мүмкүн эмес экенин билип, башка айылдарга көчүп кетишүүдө. 2027-жылга чейин Ньюток айылы толугу менен дарыянын ичинде калаары белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, климаттын глобалдык жылуулугу мындан 20 жыл мурун аныкталган. Анда Арктика жана Антарктидадагы муздар эрий баштаганын окумуштуулар байкап, коңгуроо кага башташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba.8327
2019-10-24 09:37:12
Мм башталды конец света деген акырындап
-1
interpol
2019-10-24 12:28:43
Акыр түбү бүтүндөй Америка жазасын алат. Толугу менен суу астында калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан