Чопо чоор кантип жасалат?

Кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын бири - чопо чоордун жасалышы төмөнкү сүрөттөрдө. 8 жылдан бери чопо чоор жасоо менен алектенген Макен Максутов бул улуттук аспап экологиялык жактан таза экендигин айтат. “Чопо чоор атайын тандалган чоподон жасалат. Туздуу чопо болсо, аспап кургаганда жарылып кетет”,- деди ал. Чопонун 1 мүшөгүн 800-1000 сомдон сатып алышса, аны тазалаганда иштетүүгө мүмкүн болгон 70 пайызы калат экен. “1 мүшөк чоподон 1000дей чопо чоор жасаса болот. Кыргыздар улуттук баалуулуктарга көбүрөөк көңүл бура башташты. Негизинен чопо чоорлорду буюртма боюнча жасайбыз, баасы 500 сомдон 1000 сомго чейин. Андан сырткары ар кандай сувенирлерди да даярдайбыз”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
advokatt1990
2013-08-13 15:13:31
Азамат бала экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан