Жер титирөөнү 5 күн алдын ала айтууга болот. Эл аралык окумуштуулар тобу анын ичинде Орусиянын физика адистери Экономика жогорку мектеби, Космостук изилдөө институту жана Орусия илимдер академиясы ички гравитациялык толкундун параметрине карап, жер титирөөнүн алдын ала айтуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Изилдөөдө Өзбекстандагы 2013-жылдын 26-майдагы, Кыргыз өлкөсүндөгү 2007-жылдын 8-январындагы, Казакстандагы 2013-жылдын 28-январдагы жер титирөөнүн спутниктеги маалыматтарын карап, мыйзам ченемдүүлүктү далилдөөгө аракет кылышты. Бардык учурларда 5 күн мурун ички гравитациялык толкундун параметринин өзгөргөнүн байкашкан.
Орточо атмосферадагы (стратосфера жана мезосфера) температурага байкоо жүргүзүү менен ички гравитациялык толкундун узундугун көзөмөлгө алып, пайдалуу маалыматтарды алышкан. Изилдөөнүн жүрүшүндө, толкундун максималдуу узундугу 14,2 жана 18,9 чакырымды түзгөн, бирок гравитациялык толкундун вертикалдуу узундугу 10 чакырымдан тереңдиктеги кургактыкта пайда болгон. Толкундун узундугу 4-5 күндө өсүп отурган. Максималдуу өсүш жер титирөө болоруна эки күн калганда байкалган жана сутка ичинде дароо түшүп кеткени байкалган.
"Демек, бул Жердин литосферасындагы процесстер жүрүп жаткандыгынан кабар берет. Төмөнкү атмосферада туруксуздук пайда болот. Дал ушул Гравитациялык талаадагы толкундар региондордогу активдүү сейсмикалык абалдын пайда болушуна алып келет. Ички гравитациялык толкун мезосферага жетүү менен бузулушу мүмкүн. Качан гана бул кубулуш аткарылганда ички гравитациялык толкун жылуу кыймылга келет, бул температурага таасирин тийгизет", - деп изилдөөчүлөрдүн бири Орусия илимдер академиясынын мүчөсү, физика факультетинин профессору Сергей Попель түшүндүрдү.
Изилдөөнүн жыйынтыгында, окумуштуулар жер титирөөнүн кыска убакыт ичинде алдын ала айтуу мүмкүндүгү бар экенине ынанышты деп жазылат маалыматта.