Ливандагы митингчилер кичинекей баланы коркутуп албоо үчүн ырдап беришти. Ал ыр эми ар бир митингде ырдалып баштады

Ливанда Элиан Жаббур аттуу жаран баласы менен митинг болуп жаткан жерден унаасы менен өтүп бара жаткан. Ал баласы митингчилердин ызы-чуусунан коркуп жаткандыгын айтканда, митингге чыккандар балдар ырын ырдап киришкен. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Унаанын ичинде отурган балага митингчилер белгилүү "Baby Shark" ырын ырдап берип, көңүлүн алышкан. Апасынын айтымында, видеодо бала коркуп жаткандай туюлганы менен ага ырдап бергендери жаккан.

Учурда Ливанда өлкө экономикасы, коррупция жана мамлекеттик кызматтарга нааразы болгондор митинг өткөрүшүүдө. Балага ырдап берген видео тарап кеткенден кийин эми ар бир митингде "Baby Shark" ыры ырдалууда.

Ливандагы митингчилер балага ырдап беришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
lightning57
2019-10-25 16:45:57
Жакшы адамдар экен,а бизде белгисиз кимиси чын журогунон куйуп митинге чыгып жатат кимиси акчанын артынан.Деги айырмалай албайсын
+6
Benazir08
2019-10-26 07:27:00
lightning57,эн туура айттыныз биздикилер дарбып чыгышат себебин деле так билишпейт
+3
Mintip-menu-suybo
2019-10-25 19:43:39
Баззар жок
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан