Босния жана Герцеговинанын борбору Сараеводо кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Анда кыргыз мушкери Авазбек Аманбеков дүйнө чемпиону аталды.
Аманбеков лоу-кик бөлүгүндө 57 килограммда күч сынашып, жалпы 5 беттеш өткөргөн. Ал алгач палестиналык мушкерди жеңип, чейрек финалга чыккан. Анда Ороско Ромео аттуу америкалык мушкерди жеңген.
Жарым финалда Мавритания өлкөсүнөн келген мушкерди жеңип, финалга аттанган. Чечүүчү беттеште түрк мушкери Мухаммед Саид менен кез келип, 3 раундда Аманбеков мыкты беттеш өткөргөн. Калыстар кыргыз мушкерин жеңүүчү деп тапкан.