Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу: "ЕАЭБге кирүү саясий чечим болгон, себеби саясат - бул экономиканын уландысы". КҮНСОБОЛ

Быйыл апрель айында Орусиядан Кыргыз мамлекетине акча которууга айына 100 миң рубль көлөмүндөгү чектөө киргизилген. Өткөн аптада Москва шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Анда кыргыз тараптан чектөөнү алып салуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Бирок эч кандай чечим кабыл алынбай, бул маселе Евразия өкмөт аралык кеңешинин кийинки жыйынында карала турган болду.

SUPER.KG порталы "Орусия Кыргыз өлкөсүнө акча которууга киргизген 100 миң рубль көлөмүндөгү чектөөнү күчүндө калтырды. Бул ЕАЭБдин экономикалык эмес, саясий максатта түзүлгөнүнүн далилиби?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу мамлекеттик маанилүү келишимдер кабыл алынып жатканда, эки тараптын тең саясий кызыкчылыктары болот деген ойдо. "Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында ЕАЭБге кирүү жөнүндө келишимдерге добуш берүүдө 7 депутат каршы болгонбуз. Андан кийин мыйзам биринчи жана экинчи окууда кабыл алынып жатканда, ага каршы болгон 3 гана депутат калганбыз. Ошол кездеги өкмөттүн мүчөлөрү "союзга кирүүнү колдош керек, себеби биздин мигранттарга жеңил болот, уруксатсыз, квотасыз, патент албай эле иштей беришет" дешкени эсимде. Ушул жүйөнүн негизинде мен дагы акыры келишимди колдоп берген элем. Албетте, саясат - бул экономиканын уландысы болуп эсептелинет. Эгер башында айтылган максаттар эске алынбай, кызматташуу бир тараптык болуп жатса, анда экинчи тарапка ал жөнүндө биздин өкмөт эскертип, чара колдонууга милдеттүү", - деди Бакир уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан