Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Тазабек Икрамов маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангуловду сындады.
"Жасанып, таранып келгениңиз эле болбосо, оозуңузга талкан салып алгандай болуп, бир маселе көтөрбөйсүз. Жазуучулар союзунун маселесин чечели деп айтпайсыз. Алып барган ишиңиз боюнча маалымат берип кетсеңиз", - деди депутат.
Азамат Жамангулов маданият тармагында бардык багыттар боюнча иштер жүрүп жатканын айтты. "Жазуучулар союзу менен үч-төрт жолу жолугуп, маселесин уктук. Китептерди чыгаруу, каржылоо боюнча маселелери бар. Өкмөттө да бул маселени талкуулаганбыз. Жакынкы арада бардык союздарга акча бөлүнөт. Ушунун алкагында бул маселе чечилет деп ойлойм", - дейт Жамангулов.