Депутат Зиядин Жамалдинов: "Премьер-министр Орусиядан Кыргыз мамлекетине акча которуу боюнча чектөөнү алып салуу боюнча демилге көтөрдү. Бул маселе эми каралса керек". КҮНСОБОЛ

Быйыл апрель айында Орусиядан Кыргыз мамлекетине акча которууга айына 100 миң рубль көлөмүндөгү чектөө киргизилген. Өткөн аптада Москва шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Анда кыргыз тараптан чектөөнү алып салуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Бирок эч кандай чечим кабыл алынбай, бул маселе Евразия өкмөт аралык кеңешинин кийинки жыйынында карала турган болду.

SUPER.KG порталы "Орусия Кыргыз өлкөсүнө акча которууга киргизген 100 миң рубль көлөмүндөгү чектөөнү күчүндө калтырды. Бул ЕАЭБдин экономикалык эмес, саясий максатта түзүлгөнүнүн далилиби?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов бул маселе эми каралса керек деген оюн билдирди.

"Бул маселе боюнча премьер-министр Орусияга барып, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынында акча которуу боюнча чектөөнү алып салуу боюнча демилге көтөрдү. Менин оюмча, бул маселе эми каралса керек. Күтүп туралы. Чектөөнү албаган болсо, биз жакка жылыштар болбой жатат деп айтсак болот", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан