Кантта 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча тергөө тосмо арыздын негизинде токтотулду

Кантта 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча тергөө иши токтотулду. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө жабырлануучу тараптын тосмо арыз жазып берүүсүнөн улам токтотулган.

Окуянын жоо-жайы:

27-майда 13 жаштагы кыздын апасы кызы зордукталганын айтып, арыз менен милицияга кайрылган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүүлөр жүрүп, экспертиза дайындалган. Ошондой эле эки өспүрүм тең суракка алынышкан. Кыздын денесин кароо учурунда күч колдонуу белгилери байкалган эмес, кийимдери бүтүн болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан