Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев: "ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоорду кабыл алууда мыйзам бузулган болсо, ошол учурдагы спикер, комитет төрагалары жоопкерчиликке тартылышы керек". КҮНСОБОЛ

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Сапар Исаковдун жактоочулары маалымат жыйын уюштурушту. Алар парламент ЖЭБди модернизациялоодо кытай насыясы тууралуу документти тездетилген ыкма менен 3 окууну бир жолу карап чыгышканын айтышты. Жактоочулар ошол учурдагы Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековду жана 3 парламенттик комитеттин төрагалары Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев жана Курманбек Дыйканбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.

SUPER.KG порталы "Ошол кездеги Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков, комитет башчылары Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев, Курманбек Дыйканбаев дагы Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча жоопкерчиликке тартылышы керекпи?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев мыйзам бузулган болсо, алар жоопкерчиликке тартылышы керек деген пикирде.

"Жогорку Кеңештин регламенти бузулуп, долбоор кабыл алынганы айтылып жатат. Жоопкерчиликке тартуу боюнча юридикалык бааны Аскер прокуратурасы бериши керек. Мыйзам бузуу аныкталган болсо, анын ким экенине карабастан, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Бардыгынан мыйзам жогору турушу зарыл", - дейт Төлөгөн Келдибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан