Лейлекте 25 жаштагы жигитти өз үйүндө атып кетти. Шектүү катары 48 жаштагы жаран кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда 25 жаштагы жигиттин жансыз денеси өз үйүнөн табылды. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлагандай, маркумду атып кеткен.

"Окуя 27-октябрда саат 00:30 чамасында орун алган. Анда Бешкент айыл аймагынын 25 жаштагы тургуну үйүнөн сыртка чыгып, кайра кирип бара жатканда белгисиз жаран сайсыз ок атуучу курал менен сол желкесине аткан. Ок чыгарган жаран окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен. Ал эми үй ээси алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Баткен ОИИБинин жана Лейлек РИИБинин кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлүп, 28-октябрь күнү шектүү катары ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну өз үйүнөн кармалды.

Учурда Лейлек РИИБинин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деди маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
MAKALAK
2019-10-29 19:05:21
Жиндиби не 80деги эле чал окшойт
+1
katerina.li
2019-10-30 15:41:43
MAKALAK,48 де деп туратко,сабатын жоюла элекпи
0
Kyrgyz-jigit.com
2019-10-29 19:18:54
лейлек жаман криминальный болдугоо.
+2
Shabi
2019-10-29 19:47:20
Сакалын орттонгур
0
katerina.li
2019-10-30 15:41:17
Shabi,корот элем сенин кызынды бироо кордосо.
+1
rysik79
2019-10-29 19:54:15
Жаман иш болуптур. Атканга жеткизген чыгар да. Жин шайтандын азгырыгынан сакта Кудайым.
+10
bond02
2019-10-29 19:56:02
Карыганда аксакалды кудай урган турбайбы.
-1
Nevestkaa
2019-10-29 20:13:54
Чоң эле киши экен го эмне себеп болду экен?
+3
adiaza
2019-10-29 20:42:35
Жон эле жерден аткан жок болуш керек балким бала ошого жеткиргендир
+8
katerina.li
2019-10-30 15:40:46
adiaza,жеткириптир.
+2
Aimani
2019-10-29 22:46:05
Дагы сакалчан
0
Begimay.emir1
2019-10-30 02:40:09
Азыр только атып кеткен жанылыктарды окуп калдык, ошондо тапанча, мылтык алыш оной окшойт бизде. Акыл ээси жайында же жокпу текшербей калганбы?
0
Akshumkar
2019-10-30 05:45:51
Каралар баш которуп жатат байкап жатасынарбы
+2
nuris.osh
2019-10-30 10:47:52
Лейлекти 13-район деп атап койот окшойбуз...
+3
souza.j
2019-10-30 12:32:31
Кызганыч бардай го
0
katerina.li
2019-10-30 15:38:14
souza.j,билбей эле урдура бербегилечи
0
jaka92
2019-10-30 14:47:29
Бул киши баланын кайын атасы болчу экен. Кызын алып, ажырашып кетиптир. Башка аял алыптыр. Биринчи аялына тынчтык берчу эмес экен.
0
Losw1
2019-10-30 15:32:57
jaka92, тушунуктуу жазчы...
-3
katerina.li
2019-10-30 15:37:46
jaka92,ажырашып,кайра эле бара берчикен. Сени менен дагы жашайм,тиги аялым менен да жашайм деп. Анан мурда чогуу жашап жургондо интим виделору бар экен,ошону интернетке чыгарам деп коркутчу экен. Кыздын атасы"кызымды жайына кой,ал башка балага турмушка чыгат,сен кийин алган аялын менен тынч жашай бер" десе болбой,мурунку келинчегин коргон жерден уруп сабап кетчу экен. Анан кыздын атасы такыр айласы кеткенде,желкеге атып олтуруп салыптыр
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан