Рэпер Данияр Сабатов Аскар Акаев жөнүндө рэп жазды


Dancio Luciano каймана аты менен ырдап жүргөн кыргыз рэпери Данияр Сабатов жаңы чыгарма жазды. Чыгарма мурдагы президент Аскар Акаев жөнүндө жазылган.

Анда Аскар Акаевдин академик экени айтылат. Андан кийин Акаевдин өлкөгө кайтып келүүгө даяр экенин билдирген сөздөрдү угууга болот. Эгер ичсе "Кыргызстан" деген коньяктан гана ичери дагы айтылат.

Чыгарманын соңуна Аскар Акаевдин маектеринин биринен алынган үзүндү тиркелген. Анда мурдагы президент эркин адам экенин, эркиндиктен ырахат аларын айтканын угууга болот.

Чыгарманын алдына көпчүлүк окурмандар жакшы пикирлерин жазышкан. Айрымдары Аскар Акаевден кийинки президенттер тууралуу чыгарма күтөрүн билдиришкен.

Аскар Акаев тууралуу рэп
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shekeev969798
2019-10-29 22:23:36
Ыр жакты)))
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан