Орусиядагы бала бакчада 4 жаштагы кичинекей кызды өзүнүн тайпалаштары тепкиге алды (видео)

Орусиянын Ярославль шаарында жайгашкан №236 бала бакчада 4 жаштагы кичинекей кызды, өзүнүн тайпалаштары тепкиге алган. Бул окуяны күбө видеого тартып алып интернетке таратып жиберген.

Күбөнүн айтымында, ал бул көрүнүштү көп кабаттуу үйдүн терезесинен тартып алган: "Окуя №236 бала бакчанын сейил аянтында орун алган. Орто топтун балдары эшикте ойноп жүрүп кичинекей кызды уруп, тепкилеп баштаган. Алгач балдар жөн гана ойноп жатат деп ойлогом. Бирок байкасам кадимкидей эле ортого алып тээп кетип жатышты. Мен тарбиячынын реакциясын күттүм. Бирок ал эч кандай кыймыл-аракет жасаган жок. Качан гана менин тартып жатканымды көргөндө, бөбөктүн жанына келди. Ошондо дагы анын жерде оонап жатканын айтып, урушуп алып кетти" , - деп жазган күбө.

Маалым болгондой, чуу жараткан окуя балдардын укугун коргоочу акыйкатчыны дагы четте калтырган эмес. Акыйкатчынын айтымында, "Эң негизгиси жабыркаган кыз менен ата-энесине психологиялык-моралдык жардам көрсөтүү керек. Ошол эле учурда бул окуяны тыкыр иликтеп, педагогдун ишине баа берип, мындай окуялар дагы кайталанбашы үчүн алдын алуу иштерин жасаш керек", - деп эскерткен.

Ал эми интернет колдонуучуларын кичинекей балдардын таш боордугу жана тарбиячынын кайдыгерлиги таң калтырган.

Учурда бул факты боюнча Ярославль прокуратурасы иликтөө жүргүзүп баштаган. Ал эми тарбиячы убактылуу жумуштан четтетилген.

Орусиядагы бала бакчада 4 жаштагы кызды тайпалаштары тепкиге алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Shabi
2019-10-30 12:12:07
Усутуно чыгып алып секирип аткандар.кыргызстандан чыккан эки зоокурдун тукумдары окшойт.
-6
zzz---zzz
2019-10-30 16:28:13
Shabi,оозуна карап сүйлөсөң
+1
meni_kut
2019-10-30 14:37:15
Журогум ооруп кетти бутун сынгырлар
+2
Nevestkaa
2019-10-30 18:07:23
Байкуш кичинекей десе ,жашыл ала куртка кийген бала чокусун жеген желмогуз экен .
+11
Saliman
2019-10-30 21:50:46
Тарбиячыга кошуп директорунда иштен алыш керек болчу
+8
Baatirbek81
2019-10-30 22:32:53
Бала көгөнүн кылатда,кандай тарбия көрсө ошону туурайт!мындан тарбиячыны жоопко тартыш керек
+4
zhigitaly
2019-10-30 22:40:29
Океңдер өздөрү билет биз кийлигишпейбиз
0
bema_bema
2019-10-31 02:58:12
Менин балдарым дагы Москвада садике барат,бул видеону коруп ушунчалык журогум ооруп,башым ооруду.Кичинекей балдарда каяктагы жестокий кылыктар.
+1
Jasa
2019-10-31 11:54:58
bema_bema, а биз питерде садикке барабыз,коруп алып жаман болдум...
0
Tolik777
2019-10-31 08:48:36
Кичинекей зоокурлор, уйдогу болуп жаткан зомбулуктан чыгат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан