2017-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайызга жогорулатууну колдошкон. Эми 9 пайыздык босого чегин 5 пайыз кылып төмөндөтүү сунушталып жатат. Кечээ, 29-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары босоголук чекти төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту.
SUPER.KG порталы "Эки жыл мурда парламентке өтүү үчүн босого чек 9 пайыз болсун деп добуш берген депутаттар кайра 5 пайызга түшүрүүгө аракет кылып жатышат. Мындай опурталдуу чечимдерди кабыл алган Жогорку Кеңеш өлкөнү кайда алып барат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев эки жылда көптөгөн саясий окуялар болгонун эске салды. "9 пайыздык босого чеги жогору. Биз 2015-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды толугу менен жыйнадык. 2016-жылы жергиликтүү кеңешке шайлоолор болду. 2017-жылы президенттик шайлоо өттү. Кыргыз мамлекети үч чоң шайлоону өткөрдү. 2017-жылы 9 пайыздык босого чеги боюнча мыйзам кабыл алынганда ишке аша турган максаттар бар болчу. Сот адилеттүү, бийлик бутактары тең салмактуу, ачык шайлоо болушу керек эле. Босого чегин 9 пайызга жогорулатуу катачылык болгон. 2017-жылы эле бийлик бутактары тең салмактуулугун жоготуп, сот адилеттүүлүгүн көрсөтпөй жатат. Ошол себептен жаңы саясий күчтөргө шарт түзүү максатында босого чегин төмөндөтүүнү сунуштап жатабыз. 9 пайыздык босого чеги боло турган болсо, 59 пайыз шайлоочулар өздөрүнүн өкүлдөрүн парламенттен көрбөй калат экен. Анда парламентте көтөрүлө турган маселе, көчөдө көтөрүлүп калат. Бул мамлекеттин стабилдүүлүгүнө терс таасирин тийгизип калышы мүмкүн", - дейт Жээнчороев.