Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тариел Жоробеков электр энергиясы боюнча тарифтик саясаты өзгөртүлөбү деп сурады.
Депутат муздак сууга болгон баа көтөрүлгөнүн эске салды.
Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев тариф көтөрүлбөй турганын айтты. "Эски тариф саясаты иштеп жатат, жаңы тарифтик саясаты жакында кабыл алынат. Электр энергиясына болгон тариф көтөрүлбөйт. Ушул бойдон калат", - деди Нурбашев.