Саясатчы Адахан Мадумаров: "Парламентке өтүү үчүн босого чегин төмөндөтүү биринчи кезекте жөнөкөй, карапайым элге керек". КҮНСОБОЛ

2017-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайызга жогорулатууну колдошкон. Эми 9 пайыздык босого чегин 5 пайыз кылып төмөндөтүү сунушталып жатат. Кечээ, 29-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары босоголук чекти төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту.

SUPER.KG порталы "Эки жыл мурда парламентке өтүү үчүн босого чек 9 пайыз болсун деп добуш берген депутаттар кайра 5 пайызга түшүрүүгө аракет кылып жатышат. Мындай опурталдуу чечимдерди кабыл алган Жогорку Кеңеш өлкөнү кайда алып барат?" деген собол салды.

Саясатчы Адахан Мадумаров кеч болсо да акылына келген депутаттардын босоголук чекти төмөндөтүү боюнча сунушун колдош керек деген пикирде. "Жогорку Кеңешке сабатсыз, реалдуу жашоодон алыс болгон кишилер топтолуп калганда, акылга сыйбаган чечимдер кабыл алына берет. Бул биринчиси эле эмес. 13 миллион евро алып, 5 кодекс жазышпады беле. Учурда ошол 5 кодекс бири-бирине каршы келип жатат. Соттук-укуктук жаатында баш аламандык болууда. 13 миллион еврону маалымат каражаттарына бердик деп айтышты. Бул жапайычылык көрүнүш. Ушундай көрүнүштөргө чыдап отурган кыргыз элине рахмат. Эмне деген гана баш аламандыкты жасашты, баарына чыдап отурган элге рахмат. Босоголук чекти жогорулатуу чечими кабыл алынып жатканда жагдай башка болгон. Алар көкөлөп учуп, депутат түбөлүккө шайлангандай болуп элестетишкен. Эми жагдай башка. Кеч болсо да акылдарына келген депутаттардын босоголук чекти 5 пайызга түшүрөбүз деген сунушун колдош керек. Себеби бул биринчи кезекте жөнөкөй, карапайым элге керек. Босого чеги 5 пайызга төмөндөтүлсө чөнтөктөрү калың, базары, арак заводдору барлар эмес, жөнөкөй мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлердин, акындардын, жазуучулардын, журналисттердин парламентке келишине жол ачылат", - дейт Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан