Бишкекте үйлөрдүн короосун кайтарган 60 жаштагы кишини белгисиз жаран аёосуз сабап кетти. Окуя 29-октябрда Ч.Айтматов көчөсү менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кеслишиндеги үйлөрдүн биринин алдынан орун алган. Бул тууралуу видео социалдык тармакка тарап, жабырлануучунун көзүнө доо кеткендиги айтылууда.
Учурда бул факт териштирилип жатканын, видеого түшүп калгандардын аты-жөнү такталып жатканын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.