"Карегине кан уюп, көзүнүн астындагы сөөгү сынып кеткен". Бишкекте 60 жаштагы аксакал балдары менен тең жигиттерден токмок жеди

Кечээ, 30-октябрда Бишкекте үйлөрдүн короосун кайтарган 60 жаштагы кишини белгисиз жарандар аёосуз сабаган видео тараган. Ленин РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен каттап, учурда шектүү жарандарды кармоо иш-чарасын жүргүзүүдө.

30-октябрга караган түнү өзүнүн уулу менен тең балдардан токмоктолгон Каныбек Ботоканов учурда Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланууда. Ал SUPER.KG порталына окуяны айтып берди.

"Түнкү саат 2-3төрдө мен күзөтчү болуп иштеген үйлөрдүн короосуна балдар кирип, ичип, чегип, кобурашып отурушту. Бир азга унчукпай карап турдум. Андан соң аларга барып, "бул жактан чыгып, ары жакка отургула, бул жакта жашоочулар эс алып жатат" дедим. Алар оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп мени да сөгө башташты. Аталарындай болгон мени карап да коюшкан жок сөгө беришти. Бир кезде бирөөсүн жакадан алдым да короодон чыгарып салдым. Кетишти. Кайра жарым сааттан кийин келип, "байке кечирим сураганга келдик" дешти. Мен дагы кечирдим, рахмат балдар дегиче эле алар мени уруп киришти. Көрсө алар мени сабаганга келишкен тура. Колдон кармап, тээп, чаап салышты. Мени жанымда иштеген балдар көрүп калып, үйүмө такси чакыртып салып коюшту.

Мен өзүм ооруканага деле келбейин дегем. Көзүмдөн кан токтобой туруп алды. Азыр текшерүүдөн өтсөм көзүмдүн айланасындагы сөөктөрү сыныптыр. Дагы жакшы ичи агып түшүп калбаганына. Мен агып калды деп эле ойлоп жаттым. Мага бүгүн видеого түшүп калган баланын атасы келди. Бирок мен колу менен кылгандарын моюну менен тартышын каалайм. Мен деле жаш балдардын камалып кетишин каалабайм да. Бирок алар өздөрү себеп болушту", - деди ал.

Жабырлануучу Каныбек Ботокановдун кызы Жанна Ботоканова 60 жаштагы кишинин алсыздыгына карабай сабаган балдарды милиция кызматкерлери эртерээк табышса деген пикирде.

"Атам 7 жылдан бери күзөтчү болуп иштейт. Бирок мындай окуяга кабылган эмес. Мен укук коргоо органдарынан атама кол көтөргөн балдарды качырып жибербей табышын талап кылам. Баары мыйзам чегинде болушун да талап кылам. Себеби балдар атамдын карамагындагы жерге заара ушатып жатканда атам өз милдетин аткарып, аларды бул жактан чыгып кетүүсүн айткан. Бирок алар атамды сабап салышты. Бүгүн балдардын биринин атасы келди. Күнөөнү моюнга алып, "баламды алып келип берем, сенин көзүнчө сабайм, жада калса өлтүрүп салам" деп жатат. Бирок мен ишенбейм. Себеби эртең эле эркиндикке чыгып кетиши мүмкүн. Биз эч кандай тосмо арыз жазып бербейбиз", - деди Ботоканова.

"Атаңар менен теңмин десем да болбой сабап салышты"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
talgatbek87
2019-10-31 16:55:51
Шакалдар королу жузунорду
+21
Shabi
2019-10-31 17:03:48
Туура кыласынар.арзыбаган акчага кызыкпагыла.эч качан тосмо арыз жазбагыла,жазасын алсын зоокурлор.
+22
katerina.li
2019-10-31 17:29:51
Акмактар. Атасы менен тен акени кантип урушту. Колунар свнгырлар
+17
Abdizhapar
2019-10-31 18:24:05
Малдар башка соз жок
+15
Losw1
2019-10-31 19:47:22
Милиция качан ММКлар чуу которгондо гана ордунан козголо турган болуп калышты. ИИМдин кашан эшектен айырмасы жок, качан гана устокко босток камчы урганда гана илээлеп басат кашан эшек дагы. Милициялар да ошол...
+7
asad9
2019-10-31 21:35:28
Балдарга тарбия бере албаган Атасы Энеси шакал бул жерде. Баланын барынан жогу деген ушул да. Баарына айтайын эн биринчи уйлоноордо бала тарбиялоо курсун окугула экзаменден отсонор анан уйлонгуло демекчимин
+5
AzKumFerDan
2019-11-01 03:41:44
Жазасын алсын ошол зокурлор .муну мындай калтырбаш керек .атасындай болгон кишини сабаган ахмактар
+6
assr
2019-11-01 14:23:59
чумолор атан тенди кишини урупсун колу бутун сынсын ылайым доопарас десе алын башкага жетпейт ко билем мен сени менен корушобузго шашпа сен котунду айрыйм
+4
katerina.li
2019-11-01 14:36:20
assr,каяктан корушоснор??
-1
assr
2019-11-01 14:25:53
шашпасын мен корсотом коргон жерде котунду айрыйм билип кой эки кулак жана козун менен кор
+2
assr
2019-11-01 14:28:16
тарбиясы жок ата энене мин наалат бала чакандан да коросун кайтат сагачы акмак
+4
Gospozhatsetok
2019-11-03 03:27:35
Эки бутту эшектер келме кезек эртен эле келет. Силер да ошентип ал кучтон тайган кезде бироодон эмес оз баланардан токмок жейсинер шашпагыла.Эркек болгонумда барбы урган колунардын тээрисин сыйрып, туздан сээп кургатып бермекмин сволучтар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан