КҮНСОБОЛ: Парламенттик шайлоодо партиянын тизмесиндеги талапкерге өзүнчө добуш берүү сунушталып жатат. Мындай демилгени колдоо керекпи? Сурабалдиева: "Активдүү эл өкүлүн тандоого шарт түзүлөт"

Депутат Исхак Масалиев жана Жанар Акаев шайлоочу партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш бериши боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Бул мыйзам долбоору бир-эки күндүн ичинде коомдук талкууга коюла турганы айтылууда.

SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоодо партиянын тизмесиндеги талапкерге өзүнчө добуш берүү сунушталып жатат. Мындай демилгени колдоо керекпи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева мындай демилгени колдоо керектигин айтты.

"Жакшы демилге көтөрүлүп жатат. Анткени коомчулук менен иштеген, активдүү эл өкүлүн тандоого жакшы шарт түзүлөт. Ошондой эле парламентте жаштардын санын көбөйтүүгө чоң кадам болот. Мындай демилгени колдоо зарыл", - дейт Сурабалдиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан