Мирлан Жээнчороев: “Республика–Ата-Журт” партиясы курултай өткөрөт деген маалымат чындыкка дал келбейт"

Бүгүн, 1-ноябрда “Республика–Ата-Журт” партиясы жылдын аягына чейин курултай өткөрүүнү пландап жаткандыгы тууралуу айрым маалымат булактары жазып чыкты. Аталган маалыматта учурда жыйын качан өтөөрү так аныктала электиги жана азыркы партия лидеринин ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев келиши мүмкүндүгү жазылган. Бул маалыматты тактоо максатында SUPER.KG порталы эл өкүлүнө кайрылганда төмөнкүлөрдү билдирди.

“Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда туура эмес маалымат тарап жатат. Бул сыяктуу иш-чара өткөрүү пландалган эмес. Мен муну чагым маалымат катары сыпаттаймын”, - деди Жээнчороев.

Буга чейин “Республика–Ата-Журт” фракциясынын лидери алмашат деген кептер тараган эле. Бирок бул маалымат да төгүнгө чыгарылган.

“Республика–Ата-Журт” партиясы 2014-жылы Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиевдин тандеми менен түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан