Казакстандын Кустанай облусунда жайгашкан 5 айыл картадан алынмай болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Кустанай облусунун маслихатынын чечими менен облустагы 5 айыл жоюлат. Себеби аталган айылдарда калктын саны 50 адамга араң жетери айтылган.
“Кустанай облусунун картасынан Янушевка, Чебендовка, Киров, Братское, Куленсай айылдары алынат. Ал эми мыйзам күчүнө киргенден кийин жоюлган айылдын тургундары коңшу айылдардын карамагында болуп калат”, - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, Казак маслихатынын депутаттары мындай чечимин, аталган айылдардын инфраструктурасы начарлап, экономикалык жактан өнүктүрүү пайдасыз болуп калгандыгы менен түшүндүрүшкөн.