Режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун «Жөө күлүк» тасмасы Калькутта эл аралык фестивалында көрсөтүлөт

8-15-ноябрь күндөрү Индиянын Калькутта шаарында эң байыркы жана ири делген Калькутта эл аралык кинофестивалы өтөт. Фестивалдын алкагында 300гө жакын индиялык жана чет өлкөлүк режиссёрлордун тасмалары 20 чакты кинотеатрдан көрсөтүлөт. Алардын катарында жакында гана экранга чыккан Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы да бар. Тасма кинофестивалда сынактан тышкаркы атайын секцияда тартууланат.

Белгилей кетсек, Мирлан Абдыкалыковдун аталган тасмасы буга чейин Германияда өткөн "Шпингель" фестивалына катышкан. Андан сырткары, Пусан эл аралык кинофестивалында киносынчылардын ФИПРЕССИ сыйлыгын утуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан