Ырчы, пародист Мерген Турган акыркы кезде сахнадан алыстап кеткен эле. Ал учурда Италияда иштеп жүргөнү маалым болду. Бул тууралуу ырчы мырзанын жубайы Бактыгүл Рахманбердиева SUPER.KG порталына билдирди.
"Мерген учурда Италияда иштеп жүрөт. Ал тааныштар аркылуу ал жактан өзүнүн чөйрөсүнө тиешелүү жумуш тапкан эле. Италияда ресторанда ырчы болуп иштеп жатканына бир айдан ашты. Жолдошума ал жак аябай жагыптыр. Дагы 2-3 жыл иштеп, анан мекенине кайтарын айтып жатат", - дейт Бактыгүл айым.
Эске салсак, жылдын башында Мерген Турган 50 жылдык юбилейин белгилеп, жаңы үй-бүлөсүн ачыктаган.