Экс-депутат Асия Сасыкбаева: "Учурда Кыргыз өлкөсүндө оппозиция жок". КҮНСОБОЛ

Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Анда мамлекет башчы Кыргыз мамлекетинде кыйын, күчтүү оппозиция бар экенин айтты. "Жарандык коом күчтүү, оппозиция өнүккөн. Демократияга коркунуч жок", - деп билдирген президент.

SUPER.KG порталы "Башка эч жерде жок күчтүү оппозициябыз бар". Президент Сооронбай Жээнбеков айткан күчтүү оппозиция учурда барбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева оппозиция Алмазбек Атамбаевдин учурунда болгон, ал эми азыр ал такыр эле жок деген ойдо.

"Менин пикиримде, учурда Кыргыз өлкөсүндө күчтүү оппозиция жок. Негизи эле айта турган болсок, учурда оппозиция жок деген ойдомун. Оппозиция Алмазбек Атамбаев президент болуп, өлкөнү башкарып турган кезде болгон. Ал эми учурда эч кандай оппозицияны көргөн жокмун. Ал эми Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин оппозиция болгон жок, өч алуу максатында күч көрсөтүп отурду", - дейт Сасыкбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан