Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова: "Азыркы тапта оппозициянын орду бош". КҮНСОБОЛ

Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Анда мамлекет башчы Кыргыз мамлекетинде күчтүү оппозиция бар экенин айтты. "Жарандык коом күчтүү, оппозиция өнүккөн. Демократияга коркунуч жок", - деп билдирген президент.

SUPER.KG порталы "Башка эч жерде жок күчтүү оппозициябыз бар". Президент Сооронбай Жээнбеков айткан күчтүү оппозиция учурда барбы?" деген собол салды.

Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова учурда өлкөдө оппозиция жок деген пикирде.

"Оппозиция болушуна мүмкүнчүлүктөр бар деп айтса керек. Ал эми азыркы бийликке бүгүнкү күндө оппозиция жок. Буга чейин Атамбаев өзүн оппозициямын деп жүрдү, бирок ал өзү түзүп кеткен системге, өзү белгилеп кеткен кишиге кантип оппозиция болот? Учурда анын тегерегинде жүргөндөрдүн деле учурда үнү, дайыны чыкпай калды го. Менин пикиримде, кандай болсо да бара-бара ар кандай күчтөр чыгып, оппозиция пайда болот деген ойдомун. Себеби жүргүзүлүп жаткан саясатка күндөн-күнгө нааразычылыктар өсүүдө", - дейт Сооронкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан