Кечээ, 4-ноябрда Кытай космоско “Бейдоу-3” аталышындагы навигациялык системге кирген спутнигин учурду. Орбитага чыгарылган спутниктин саны ушул менен 49га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, спутник Кытайдын Сычуань провинциясында жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 01:43тө учурулган.
Кытай "Бэйдоу" деген аталыштагы навигациялык системин 2000-жылдан тартып түзө баштаган. Учурда аталган өлкөнүн бүт аймагын камтыган "Бэйдоу-1", Азиялык-Тынч океан аймагынын бир бөлүгүн камтыган "Бэйдоу-2" бар. 2020-жылдан баштап бүт Жер планетасын камтыган "Бэйдоу-3" системи ишке кирет. Ал ишке кирген соң навигациянын тактыгы 2,5-5 метрге чейин жетип калат. Ал эми келечекте тактыкты бир канча сантиметрге дейре жеткирүү каралууда.