Малайзиянын мурдагы падышасы Мухаммад V`тин "Москва сулуусу-2015" сынагынын жеңүүчүсү Оксана Воеводина менен ажырашып кеткенден бери ортосундагы чырга чекит коюла элек. Бул ирет Мухаммад V баланын атасы башка болушу мүмкүн дегенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, модель уулунун сүрөтүн коомчулукка чыгарган. Мухаммад V мурдагы жубайы бул ишти атайын кылганын, ажырашкандан кийин анын мүлкүнөн жетиштүү акча алып калуу үчүн жасаган кадамдары экенин айткан. Ошондой эле сүрөттөр баланын биологиялык атасы Мухаммад V экендигин далилдебей турганын билдирген. "Сүрөттөгү бала кебетеси азиялык болгон адамдыкы болушу мүмкүн" деген мурдагы падыша.
Мухаммад V Оксана Воеводина кош бойлуу экенин укканда кубанычтан көзүнө жаш алды деген кеп болбогон сөз экенин айтып, аны менен баш кошконун жашоодогу кетирген эң чоң катасы экендигин кошумчалаган. Мухаммад V орусиялык моделдин эч кандай кадыр-баркы жок деген. Буга Оксана Воеводинанын бассейиндин четиндеги жарым-жылаңач видеолору себеп болгон.
Ал эми орусиялык модель уулунун атасы Мухаммад V экенин айтып, ДНК тесттен өтүүнү сунуштап келет.
2018-жылы 22-ноябрда 49 жаштагы Мухаммад V "Москва сулуусу-2015" сынагынын жеңүүчүсү, модель Оксана Воеводинага баш кошкон. Ал эми алардын ажырашуусунун себеби Мухаммад V'тин өз эрки менен тактан баш тарткандыгынан улам деген маалыматтар тараган. Кийинчерээк жубайлардын ажырашуусу тууралуу маалымат эч ким тарабынан тастыкталбаганы жана бул жөн гана ушак кептер экени айтылган.
Ушул жылдын 21-майында уулдуу болушкан.
Малайзиянын мурдагы падышасы менен орусиялык моделдин ажырашып кеткендиги тууралуу маалымат 17-июлда белгилүү болгон. Айрым маалымат каражаттары алардын ажырашуусу 1-июлда болгонун жазып чыгышкан. Ал эми социалдык тармактарга тарап кеткен документтерге ылайык, түгөйлөр ислам дининин негизинде ажырашкан.