Депутат Кенжебек Бокоев: "Биринчи вице-премьер баш болуп парламентти алдап коюшту". КҮНСОБОЛ

Бардык аймактарга электр энергияны пайдалануу боюнча лимит коюлат. Токтомдо өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү тарабынан электр энергиясын пайдалануу лимити боюнча тапшырманын аткарылышын өзгөчө контролго алышсын деп жазылган.

SUPER.KG порталы "Өкмөт электр энергиясын колдонуу боюнча облустарга лимит киргизди. Бул маал-маалы менен өчүрүүгө кайтуубу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев кыш мезгили келбей жатып, электр энергиясына лимит коюу бул чектөө деген ойдо.

"Өкмөттө күз-кышка даярдык боюнча жыйын учурунда маалымат беришкенде биринчи вице-премьер баш болуп, ошол жердеги энергетика тармагынын жетекчилери парламентти алдап кетти. "Баардыгы жакшы, толук даярбыз" дегенден бир апта өтпөй, бурчту айлана электе эле, кыш келбей жатып лимиттерди коюп, "толук көзөмөлдөйсүңөр" дегени бул чектөө. Парламентке келишкенде, ошол жерден "эртеңден баштап чектөөлөргө барабыз, мүмкүн кышында маал-маалы менен өчүрүүгө барабыз" деп ачык айтуу керек болчу. Ал жерден аман-эсен чыгып алып, "баары жакшы" деп өткөзүп алып, алар баарын алдады", - дейт Бокоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан