Туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрагалыгы алдында өттү. Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасында туризм динамикалуу түрдө өнүгүүдө, Кыргыз мамлекетине келип-кеткен туристтердин саны жылдан-жылга өсүп, салыктык төлөмдөр көбөйүп жатканын айтты. Ошондой эле ал өлкөнүн ички дүң продукциясында туризмдин үлүшү өсүп жатканын белгиледи. 2019-жылдын алты айында туризмдин ИДПдагы көрсөткүчү 4,3 пайызды түзгөн.
Жыйында гид жана экскурсоводдорду даярдоону жүзөгө ашыруу, туристтик жайлардын инфраструктурасын жана аларга баруучу жолдорду жакшыртуу, туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу, бир нече мамлекеттердин жарандары үчүн визаларды берүүнү жеңилдетүү, өлкөнүн бардык аймактарында туристтик милицияны киргизүү боюнча маселелер каралды.
Вице-премьер-министр жыйындын катышуучуларына туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн Өкмөт тараптан чаралар көрүлүп жатканын маалымдады.
"Туризм тармагын алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү максатында өкмөт тараптан 2023-жылга чейин туризмди өнүктүрүү программасы бекитилген. Быйыл Аба кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. 2019-жылы кабыл алынган "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзамында өлкөлөрдүн саны көбөйтүлүп, дагы 7 мамлекет кошулду", – деди Алтынай Өмүрбекова.