Бийчи Атай Өмүрзаков жана “Тумар” бий тобу Москва шаарында 13-августта өткөн “Минута славы” долбоорунда жарым финалга чыгышты. Бул тууралуу Атай өзүнүн интернет баракчасына жарыялады. “Кийинки айлампа сентябрь айында болот. Ал эми бизге олимпиадалык чемпиондордун атынан атайын белек тапшырышты”,- деп жазылган билдирүүдө. Белгилей кетсек, аталган долбоордун жеңүүчүлөрү 10 миллион рубль жана "Сочи-2014” Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышууга расмий түрдө укук алышат.