Орусияда балдар үйүндөгү 3 кыздын кош бойлуу болуп калганына байланыштуу иликтөө иштери жүрүүдө

Челябинскте балдар үйүндөгү 3 кыздын кош бойлуу болуп калганына байланыштуу иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кош бойлуу болуп калган балдар үйүнүн тарбиялануучулары 16 жана 17 жаштагылар. Бул окуяга байланыштуу балдар үйүнүн жетекчисине сөгүш жарыяланып, учурда мекеменин кызматкерлери суракка алынууда.

"Иликтөө иштеринин алкагында, балдар үйүнүн кызматкерлери кош бойлуу кыздардын бири июль айында турмушка чыкканын маалымдашкан. Учурда кош бойлуу дагы эки тарбиялануучу турмушка чыгуу үчүн тиешелүү документтерди алууга уруксат сурап, балдар үйүнүн жетекчисине кайрылышкан. Азыркы тапта бул окуя боюнча тиешелүү мекемелердин кызматкерлери текшерүү иштерин улантууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aminali
2019-11-08 02:32:23
Туууй балдар уйу турбайбы?! Чала була окуп алыпмын ,балабакча деп тан калып кире калгам.
+1
sem-ya6
2019-11-08 11:45:10
aminali,мен дагы ошентип окуп алып кире калсам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан