Президент: "Сөз эркиндиги - өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири"

Бүгүн, 7-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Урматтуу журналисттер, сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм. Маалымат - коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү. Коомдун ачыктыгын, мамлекеттик чечимдердин айкындыгын, жарандарыбыздын объективдүү маалыматка болгон муктаждыгын камсыз кылууда маалымат каражаттарынын ролу эбегейсиз жогорулады. Силер өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыңарды кошуп жатасыңар. Кыргыз журналистикасына артылган милдетти ишенимдүү аткарып келесиңер.

Сөз эркиндиги - өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири. Эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат. Мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар тараптуу болууну каалайм.

Өлкөбүздөгү туруктуулукту, тынчтыкты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоо - ар бирибиздин ыйык парзыбыз", - деп куттуктады президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан