Президент: "Эгемен мамлекетибизди көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз"

Бүгүн, 7-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу кыргыз элине кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ушул күндөрү биз тарыхыбыздагы тагдыр чечүүчү мезгилдерди эстейбиз, ата-бабаларыбызды эскерип, алардын элесине таазим этебиз. Алар кылымдарды карыткан кыйын кезең жолдорду басып өтүп, бизге сыймык тартуулаган тарыхты мурастады. Элибиз орто кылымдарда улуу кыргыз дөөлөтүн түзүп, кийин мамлекетин жоготуп, тарыхтын оор сыноолорун башынан кечирди. “Каны көөкөрдө, башы канжыгада” болуп, мамлекеттүүлүк идеясын кылымдар бою жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө сактап, ал үчүн тынымсыз күрөшүп келди.

Улуу мамлекеттик ишмерлерибиздин чечкиндүү эмгеги менен РСФСРдин курамында 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун, ал эми 1936-жылы Кыргыз ССРинин түзүлүшү – тагдыр чечүүчү тарыхый окуялар болду. Бул окуялардын баасы – өтө бийик, саясий репрессияда курман болгондордун өмүрү менен өлчөнөт.

Кылымдар бою эңсеген элдин мүдөөсү аткарылып, 1991-жылы эгемен мамлекетибизге ээ болдук, мамлекеттүүлүгүбүз кайрадан жаралды. Биз ата-бабаларыбыздын элесинин алдында мамлекетибиздин келечеги үчүн тарыхый ыйык жоопкерчиликти сезип турабыз.

Карт тарых тастыктап тургандай, элдин ынтымагы баарынан жогору, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок.

Биз – улуу элдин урпагыбыз, бизге калган ыйык мурасыбыз – эгемен мамлекетибизди көздүн карегиндей сактап, бакубат өнүгүүсүнө жетишип, урпактарга берүүгө милдеттүүбүз", - деп жазылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан