Бишкектеги тез тамактануучу жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт саат 15:21де толугу менен өчүрүлдү. "Өрттүн кесепетинен 9 адам жаракат алды. 2 адам жандандыруу бөлүмүндө, 3 адам ооруканага жаткырылган, 4 адам амбулатордук кароодо. Каза болгон аялдын аты-жөнү такталууда", - деп жазылат маалыматта.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өрттөн 12 адам жабыркаган.
Өрт тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.