Өрт чыккан тез тамактануучу жайды иштеткен жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди

8-ноябрда Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез тамактануучу жайынан өрт чыккан. Аталган жайды ижарага алып иштеткен жаран кармалды.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кармалган жаран 56 жаштагы К. А. болгон.

"8-ноябрда орун алган өрт кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 261-берене (өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө тез тамактануучу жайды иштеткен жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары улантылып, соттук-медициналык жана техникалык экспертизалар дайындалды", - деп билдирди маалымат кызматынан.

“Антошка” тез тамактануучу жайынан өрт чыгып, 1 адам каза болуп, 12 киши жабыркаганы маалымдалган. Бүгүн, 9-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жабырлануучулардын тизмесин жарыялап, абалы тууралуу маалымат берди. Анда 3 жабырлануучу ооруканадан чыгарылса, 7 бейтап дарылануусун улантып жатканы кабарланды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
katerina.li
2019-11-09 14:01:41
Кудай озун боодо,айтпай келген кырсыктан сактай кор.
+4
muras111211
2019-11-09 19:42:43
Кырсык да,бирок талапка жооп береби ошону текшериш керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан