8-ноябрда Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез тамактануучу жайынан өрт чыккан. Өрттөн 1 адам каза болуп, 12 киши жабыркаганы маалымдалган. Учурда Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 7 адам дарыланууда. Алардын экөө мектеп окуучусу. Абалдары туруктуу.
Тез тамактануучу жайда 5 жылдан бери иштеп келген Бурул Абдыжапарова учурда ооруканада. Ал бетинен анан эки бутунан күйүк алган.
"Мен "Антошка" тез тамактануучу жайда 5 жылдан бери ашпозчу болуп иштеп келем. Өрт болгон күнү деле кадимкидей иштеп жатканбыз. Мен котлет бышырып жаткам. Бир кезде эле газ жарылып кетти. Баарыбыз залды көздөй качтык. Менин эки бутум күйгөндүктөн, жөрмөлөп залга чыгышым абдан оор болду. Андан ары элдер көтөрүп чыгып кетишти. Түшүнбөй калдык.
Каза болгон кыздын бизде иштегенине бир айдай болуп калган. Жумушуна көнүп да калды эле. Өзү жакшы кыз болчу. Ал кассада иштечү. Бирок ашканага да жумуштап кирип калчу. Газ жарылганда ашканада жүргөн эле. Ал коркконбу же үлгүрбөй калганбы муздаткычтын ичине кире качкан экен.
Азыр баштапкыга караганда абалыбыз жакшы. Дары-дармектин бардык чыгымдарын тез тамактануучу жайдын ээси төлөп берип жатат. Эми бул кырсык да. Эч кимге доо арызым жок", - деди ал.
Ал эми "Антошка" тез тамактануучу жайды ижарага алып иштеткен жарандын жубайы Сыяпат Чындыбаева учурда жабыркагандардын ден соолугу үчүн колдон келген жардамдарын кылып жатканын айтат.
"Кырсык каш менен кабактын ортосунда турбайбы. Мен окуя болору менен каза болгон кыздын айылына кеттим. Бул жакта балдарым болуп жатты. Алар дарыгерлердин айткан дарыларын убагында алып берүүгө аракет кылып жатышты. Биздин бардык аракет ушул жабыркагандар сакайып кетишсе деген эле тилек. Колдон келгенин кылып жатабыз. Эртең менен келебиз, ар бир палатанын дарыгерине жолугуп, алардын айткандарын сатып келебиз. Тамактарын дагы берип жатабыз.
Каза болгон кыз Ысык-Көл облусунун тургуну, үч бир туугандын кичүүсү экен. Анын жерге берүүдө кеткен чыгымдарын өзүбүз көтөрдүк. Эми алдыдагы кыркылык менен ашын да өткөрүп берели деп сүйлөштүк. Эжесинин айтымында, кызды башка жумушка кирбейсиңби дешкенде, "Мага "Антошка" жакты, мен ошол жакта калам" деп айткан экен", - деди Чындыбаева.