"Ош базарына" жакын жердеги үйлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды

"Ош базарына" жакын жердеги үйлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-ноябрь күнү саат 18:45те милицияга маалымат келип түшкөн. Анда "Ош базары" тарапта жашаган жашоочу көчөдө жаткан бейтааныш адамды көрүп, жылынып алсын деген максатта аны үйүнө алып келген. Бирок ал жаран өзүн начар сезе баштаганда "Тез жардам" кызматын чакырткан. Дарыгерлер келип, анын каза болуп калганын аныкташкан.

Маркумдун туруктуу жашаган жери болгон эмес. Учурда милиция кызматкерлери анын аты-жөнүн такташууда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан