Футбол боюнча Өзбек-Кыргыз беттеши. 3:1 эсеби менен талаа ээлери жеңишке жетишти

Бүгүн, 9-ноябрда футбол боюнча Өзбек-Кыргыз беттеши орун алды. Жолдоштук беттеш Өзбекстандын Ташкент шаарындагы "Пахтакор" стадионунда өттү.

Мелдештин биринчи таймында эсеп 1:1 менен аяктады.

Экинчи таймда талаа ээлери атаандашынын дарбазасына 2 гол киргизип, 3:1 эсебинде жеңишти камсыз кылышты.

Оюдун 11-мүнөтүндө өзбекстандык футболчу Игорь Сергеев, мелдештин 53-мүнөтүндө Достонбек Хамдамов, 80-мүнөттө Жамшид Искандаров гол киргизгенге жетишти.

Ал эми мелдештин 30-мүнөтүндө кыргыз футболчусу Фархат Мусабеков жалгыз голду киргизди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Alixan-Nookat.2015
2019-11-09 19:29:14
2:1 уткулачы Акшумкарлар
+1
Omush94
2019-11-09 19:55:57
Кристинин отставкага кетсин
-23
murat17
2019-11-09 19:59:06
Omush94,кошулбайт элем оюна жон гана оюнчуларды сыноо болду
+12
Omush94
2019-11-10 01:01:40
murat17,сыноосу сыноо бирок сыноо деп жениле береби тажиктерге женилге айып машыктыруучу да
-4
murat17
2019-11-10 02:07:10
Omush94,озун ойлон Крестинин келгенге чейин кыргызстан кандай команда эле 201 местодо эле мен жанылышпасам афганистанга 1-0го утулган тарыхый женилуу болгон себиби афганистан тарыхта биринчи жолу уткан ошол денгеелдеги команда эле шугур кылалы жылыш бар дагы жылабыз алдыга кудай буюрса
+5
murat17
2019-11-10 02:08:24
Omush94, коросун тууган 14 япондорго сюрприз даярдайт
+2
murat17
2019-11-10 02:08:44
Omush94, тажиктерден реванш алабыз
+3
jigit.paren
2019-11-09 20:17:29
Өзбекстан күчтүү экен негизи
+10
Raatbek700
2019-11-09 20:33:56
Вапше начар оюн болду.Япония менен Тажикстанга кантип каршылык корсотосунор билбедим
+5
katerina.li
2019-11-09 20:38:59
Байматовду жибербеш керек. Байматов барганда сооссуз утулушат
+7
elb_2121
2019-11-09 23:21:58
katerina.li,Туура айтасын
+8
Erik2018
2019-11-09 20:58:29
Япония менен Тажиктерди утуш үчүн тренировка болду бул оюн, жөн эле жолдоштук беттеш болду переживать этпегиле туугандар
+7
murat17
2019-11-09 21:09:07
туура озбекстан катуу ойноду мындай ойносо япондордон утулат коргонууда каталыктар бар юсупов озун коргозо алган жок ото начар ойноду жана Алай командасынын оюнчулары пассивный оюнчулар экен япондорго каршы 4-3-3 схемасы менен тушуш керек дарбазада Матяж он канат коргонуу Жыргалбек уулу ортодо Кичин и Козубаев сол канатта Сагынбаев жарым коргонууда он канатта Шукуров ортодо Берндхард сол канатта Мусабеков чабуулда он канатта Мурзаев сол канатта Алыкулов ортодо Люкс ойносо иншалла японияны утабыз
+8
futboler
2019-11-09 21:11:03
Ташкентте болуп жаткандан кийин Өзбек-Кыргыз беттеши деп жазылат. Талаа ээлери жеңишке жетти десеңер Кыргызстан жеңген окшойт деп ойлойт экенсиң, Кыргыз-Өзбек беттеши деп жазылгандыктан. Туура жазгылачы айланайындар.
+20
Jasi.jasi
2019-11-10 14:18:06
futboler,жок туура эле жазылган талаа ээлери экинчи болуп жазылат,не только футболдо башка создордо деле ушундай жазылыш керек.
-3
futboler
2019-11-10 22:25:01
Jasi.jasi,куурчагыңды ойно
+2
Dembele84
2019-11-10 19:13:50
futboler,молодец
+2
Bayastankyrgyz
2019-11-09 22:14:59
Былтыр Кыргызстанга Өзбекстандан официалдуу эмес оюн болгон ошондо 5;0 го женилген... Быйыл болсо 3:1 дагы 1 2 жылда Өзбекстанды Утат Кудай буйруса......
+10
Nurgazy80
2019-11-09 23:12:08
"Футбол боюнча Кыргыз-Өзбек беттеши. 3:1 эсеби менен" деген теманы окуп алып сүйүнүп эле карасам тескерисинче экен
+8
Margana93
2019-11-10 09:00:25
Менда жеңген экенбиз деп ойлопмун
+5
kyrgyz.93
2019-11-10 12:34:12
Байматовго топ деле тийбеди оюнда неге киргизди озун которо албай калыптырго
+3
uran98
2019-11-10 15:47:11
Оюнду тушунбой эле жаза бергендерге тан калдым
Бул оюнда КР конок болуп ойноду
И достук оюну
Башкы состав ойнободу
Важный оюн болсо жанталашмак да

14 до Японияга норма атандаш болот Тажиктерден реванш алабыз баары алдыда
+1
Nur777
2019-11-10 20:33:12
uran98,Ооба,билем,бул ирет жолдоштук оюн гана болду,бирок основной турларда кучтуроок оюнчулар ойносун,Байматов ондуулор эмес дегеним...Бизге жениш керек.
+2
elb_2121
2019-11-10 16:48:29
Тажиктер менен Ошто стадиндо ойносо болмок
+4
Dembele84
2019-11-10 19:17:29
elb_2121,Колдойм
-1
Hernandez
2019-11-10 17:16:51
Япония чындыгында ото кучтуу команда, андан женууну эмес тен чыгууну эле пландаштыралы. Япония дуйнолук денгээлдеги команда
+3
tular
2019-11-11 00:21:01
Hernandez, эң туура
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан