Белгилүү футболчу Лионель Месси беттеш учурунда атаандашынын бетине топ ыргытып жиберип, сары айып кагазын алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Окуя 21-ноябрда "Интер Майами" жана "Коламбус Крю" командаларынын беттешинде болуп, оюн 0:3 эсебинде аяктады.
Беттештен кийин "Коламбус Крю" командасынын башкы машыктыруучусу Лоран Куртуа: "Ага сары айып кагаздан да катуу жаза берилиши керек экени баарына белгилүү. Бул абдан өкүнүчтүү",- деп калыстын чечимин сынга алды.