Замирбек Надырбеков өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты ээлеп келген Алмазбек Асанов 15 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.
Эске салсак, өспүрүм 7-ноябрда тоодо адашып кеткенин билдирип, куткаруучулардан жардам сураган. Бирок аны 9-ноябрда издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө Электро чокусунан каза болгон абалда табышты.