Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген отуруму өтүүдө. Отурумга баяндамачы катары экономика министри Санжар Муканбетов жана финансы министри Бактыгүл Жээнбаева чакырылган.
Депутат Төрөбай Зулпукаров отурумда айтылган баяндаманы буга чейин комитет жыйынында укканын айтып, келе жаткан жылы канча завод же ишкананын ачылышы күтүлүп жатканына кызыкты.
"2019-жылдын аягына дейре бюджеттин киреше бөлүгүн 11 миллиард 900 миллион сомго көп чогулталы деген ниетиңер бар экен. Бирок байкап көрсөк, ишке кирип жаткан мыйзамдардын 70-80 пайызы салыктан жеңилдетүү болуп жатат. Анализдеп көрүү керек, киреше бөлүгүн кантип көтөрөбүз?
Жалпы өлкө боюнча жылына 70 миңден ашуун жумушчу кошулат. Өкмөттүн негизги программасы, негизги мыйзамы, сиздерге коё турган баа бул бюджет. Буга өзгөчө көңүл буруу керек. Баяндамадан калкты жакырчылыктан чыгаруу, жалпы элибизди жумуш менен камсыздоо, айыл чарба, курулуш багытында канча завод, фабрика курулат деп сураганыбызда, экономика министри 100 миң жумушчу орун түзүлөт деди. Мен ал жоопту угуп сүйүндүм. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча канча заводдун, ишкананын ачылышы болот, так санын айта аласыздарбы?", - деп суроо узатты.
Буга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: "8 айдын жыйынтыгы менен 37 миңге жакын жумуш орун түзүлдү. Анын ичинен 4 миң 800ү бул ачылып жаткан чоң заводдордо. Жер-Үйдө да декабрь айында жаңы заводдун ачылышы күтүлүүдө. Ошто 7 миңдей жумуш орду түзүлмөкчү. Чоң ишканалардын ачылышында кичине мүчүлүштүктөр болууда. Бюджет бекитилген соң экономика тармагында 2020-жылга өзүбүздүн күчүбүздүн келишинче өкмөт, мыйзам жагынан кайсы тармактан канча жумушчу орун түзүлөт карап чыгышыбыз керек. Бул өзгөчө тоо-кен, туризм жана айыл чарба багытында, бирок азырынча так санды айта албайбыз", - деди ал.
Отурумда эки маселе каралууда. Биринчи маселе “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору жана экинчи маселе “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын долбоору.