Депутат өлкөгө келген туристтерге 10 доллардан салык киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген отуруму өтүүдө. Отурумга баяндамачы катары экономика министри Санжар Муканбетов жана финансы министри Бактыгүл Жээнбаева чакырылган.

Депутат Сайдулла Нышанов өлкөгө келген туристтерге аэропорттон 10 доллар өлчөмүндөгү салык салууну сунуштады.

"Мурда туристтер элчиликтерге барып 50 евро төлөчү, кайра кийин аны барып алып, жалпысынан 100 евродой коротчу экен. Мен жакында эле бул тууралуу Парижде сүйлөштүм. Бирок алар аз-маз кемчиликтер бар экенин айтышты, бул даараткана жана ушул сыяктуу шарттар. Азыркы күндө бул нерселер кыйла жеңилдетилип, алар түз эле учуп келип жатат. Биз өлкөгө келген туристтерге аэропорттон 10 доллар өлчөмүндө салык киргизип койсок. Мурда Дубайга барганда 30 доллар болчу, азыр 80 доллар болууда. Бирок андан баргандардын саны азайып кеткен жок. Мисалы, азыркы күндө чоң шаарларда бир кофе 10 доллар турат. Бул бюджетке чоң жардам болот эле. 2018-жылы Кыргыз өлкөсүнө канча турист келди?", - деп эл өкүлү суроо салды.

Буга маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов: “Былтыр 7 миллионго жакын адам чек арадан өткөн” деди.

Депутат буга карата: “Бул деген 70 миллион доллар деген кеп. 10 доллар үчүн туристтер келбей коёт деген пикир пайда боло турган болсо, бул туура эмес пикир. Бул аз да болсо, экономикага жардам болот. Туура болгон нерселерди колдоп, чечүү керек”, - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан