Мындан эки күн мурун Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылганы маалым болду. Анда айыл өкмөтүнөн тургундар өз каалоосу менен көчөгө Бакиевдин ысымын ыйгарып алганы айтылган. Буга чейин Бишкек шаарынын чет жакасындагы жаңы конуштардын бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылганы да коомчулуктун талкуусун жараткан.
SUPER.KG порталы "Молдомуса Конгантиевден кийин Курманбек Бакиевдин ысымы көчөгө ыйгарылды. Апрель окуясында 90дой азаматтын каны жөн эле төгүлдү беле?" деген собол салды.
Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова бул меселени жергиликтүү кеңештердин депутаттары чечиши керек деген пикирде.
"Көчөгө ысым ыйгаруу боюнча жергиликтүү бийлик өзү чечет да. Молдомуса Конгантиев боюнча эч нерсе айта албайм. Бирок Курманбек Бакиев боюнча айта турган болсом, сот тарабынан кылмышкер деп таанылса, расмий түрдө издөөдө жүргөн болсо, анын ысымын ыйгаруу туура эмес деген пикирдемин.
Саясий жоопкерчилик болуп жаткандан кийин бул маселени жергиликтүү кеңештин депутаттары чечет болуш керек, болбосо андай талаштуу нерселерди сот аркылуу жокко чыгарууга болсо керек", - дейт Сооронкулова.