Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка аттанды

Ырчы Нурлан Насиптин эжеси Элзада Насипбекова жаңы ыр жаздырып, кечээ туугандарынын тоюнда ырдап чыкты. Көп жыл ойлонуп жүрүп эжеси эми ырдоо чечимине келгендиги тууралуу ырчы мырза SUPER.KG порталына билдирди.

"Эжем бала кезинен эле мектеп, район аралык музыкалык сынактарга катышып жүргөн. Музыкалык окуу жайга тапшырам деген планы ишке ашпай, башка кесипти окуп калды. Андан кийин турмушка чыкты, үй-бүлөсү менен алек болду. Жолдошу каза болгондон кийин такыр эле ырдабай калган. Эжемдин буулугуп жүргөнүн байкап, атам, апам баш болуп, баарыбыз жаңы ыр жаздырууга көндүрдүк. Өзү да кызыгып, акыркы кезде аябай ырдагысы келип жүргөн. Кечээ туугандардын тоюнда эжем биринчи жолу жаңы ырын аткарып, сонун комплименттерди укту. Үй-бүлөбүз менен эжемдин ырдап баштаганына кубанып жатабыз. Мындай болушун билгенде мурда эле баштасак болмок экен (күлүп). Буюрса, эжемдин чыгармачылыгын бардык тараптан колдоп беребиз", - дейт Нурлан.

Нурлан Насиптин эжеси Элзада Насипбекова ырдап чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
aza84
2019-11-12 17:35:18
Тим эле койсо болмок
+10
Asyl10
2019-11-12 17:37:20
Мдааа, ушул эле жетпей аттыле, ансыз деле ырчы-чоорчудан конул айлана турган денгээлге жеттик окшойт. Мейли эми, таланты болсо ырдап,элге жагымдуу маанай тартуулап журсун. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
+15
katerina.li
2019-11-12 18:47:25
Балее басты эми
+11
Taalajbekakkya
2019-11-12 19:06:46
Акча табуунун оной жолу болуп калды ырчылык кой деген кожо жок эки создун башын бириктирсен мааниси барбы жокпу ырдай бересин
+12
Aimani
2019-11-12 19:06:51
Жан дүйнөсү ырдагысы келсе ырдай берсин. Эмне эле баарын негатив жазасынар? Силердин бир жеринер короп атабы. Колунардан келсе силер да ырдап чыккыла
+8
daniel87
2019-11-13 11:30:00
Aimani,эч тушунбойм адамдарга мынча агрессия каяктан, ушунча негатив каяктан пайда болот экен тушунуксуз
-1
rysik79
2019-11-12 19:11:04
Нурлан насип жаныдан чыкканда деле ушинткенсинер.
0
Islambek123
2019-11-12 19:15:29
Тойго чакырсамбы! тушоосун кесип, качага ырдап берет болду экен?
+2
bond02
2019-11-12 19:39:54
Менин ак жолтоюм да башкача уруп калыптыр го.
+2
tattusha
2019-11-13 12:37:40
bond02,)))) боорду эзесин го ))
0
bakyt9
2019-11-12 20:49:29
Ырчылар жакшы акча таап жатат окшойт. Мен дагы ырдап чыксамбы, "Күн суук" деген ырым бар ошого обон жазсам окшойт.
+13
Aijanar17
2019-11-13 09:50:26
bakyt9,))))
+1
Baku88
2019-11-12 20:49:48
Эжен кичинесинде ит мышык тоокторго шыпыргыны гитара кылып чыбыкты микрофон кылып ырдап бербей беле))
+6
Skarlett-Skarlett
2019-11-12 20:58:29
Бул кыз жакшы ырдайт.Ар ким озу билгенин кылат да.Комуз менен ырдаганын коргомун
+5
Mintip-menu-suybo
2019-11-12 21:40:13
Уну бар анча мынча ырчыларга караганда... Балдарын чонойтуп атат озу... Куйоосу олгон... Аза кутуп отура бериш керекпи анан ... Балдарын багыш керек да бул да... Мен да биринчи окуганда жаман ой жазайын дегем, бирок ордуна озумду коюп коруп, анан оюмду озгорттум...
+10
Amantur_akjol
2019-11-13 00:40:00
Аселден караганда 10эсе жакшы ырдайт комуз чертет
+5
bema_bema
2019-11-13 02:42:19
Комуз менен ырдаганын уккамын сонун ырдайт.
+5
ady-88
2019-11-13 13:28:49
Азыркы заманда таш ыргытсан ырчынын башына тийип жатканда жон эле койбопсунда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан