2020-жылдан тарта парламентте аял депутаттын ордуна аял келиши керек деген норма киргизилгени турат. Бул аялдардын өкүлчүлүгү 30 пайыздан кем эмес болушу керек деген норма. Учурда бул норма аялдар арасында колдоо таап, коомчулукта кызуу талкууланууда.
SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңеште мандатын тапшырган аялдын ордуна гендердик теңчиликти колдоо максатында аял депутат болуп келсин деп жатышат. Бул демилгени колдоо керекпи?" деген собол салды.
Укук коргоочу Рита Карасартова бул аракеттер бар норманы коргоо үчүн жасалып жаткан аракет деген пикирде.
“Чет мамлекетте майдаланып эч нерсе жазылбайт, ал жакта 30 пайыздык квота деп коюшат. Кантип аны камсыздайт, аны өздөрү чечишет. Парламентте отурган депутаттардын 30 пайызы бир жыныстын өкүлдөрү болушу керек дегенди кааласа да, каалабаса да аткарышат. Ал эми бизде шайлоодо тизмеде 30 пайыз кылып коюшат. “Бул кетсе, кийинкиси эркек” деп кийин парламенттен карасак, аялдардын саны 11 пайызды эле түзүп калат. Анан эле мыйзам бузулуп жатат десең “кайсы жерде жазылган?”, “мыйзамда жазылбаса...” деп кутулуп кетишет.
Азыркы мыйзамда эркек кетсе эркек келсин, аял кетсе аял келсин деп бул 30 пайыздык квотаны коргоо үчүн жасалып жаткан иш болуп жатат", - дейт Карасартова.